25-июлга карата Кыргызстанда 128 адамдан коронавирус катталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Аныкталган учурлардын 90% (116 адам) амбулатордук дарыланууда, анткени оору жеңил өтүүдө жана бул бейтаптардын абалын Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун дарыгерлери көзөмөлдөшүүдө. Бардык катталган учурлардын 80% Бишкек шаарында, 11% — Чүй облусунда.










