Өлкөдө сутка ичинде коронавирус 32 адамдан табылып, бирөө каза тапты. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бишкекте коронавирус – 22 адамдан,
Ош облусунда – 5,
Ысык-Көл облусунда – 5 кишиден табылган.
Ошондой эле акыркы сутка ичинде COVID-19 илдетинен Ош облусунда бир адам каза болду.
Аны менен катар сутка ичинде 27 адам коронавирустан айыгып чыкты.
Бишкекте – 10,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 11,
Ош облусунда – 1,
Нарын облусунда 2,
Баткен облусунда – 2 киши
Медициналык кызматкерлер арасында коронавирус жуктуруп алган учур катталган жок.
Белгилей кетсек, өлкөдө пандемия башталгандан бери 86 миң 850 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 83 миң 836 киши айыгып чыкса, 1 миң 481 адам каза болду.