Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине курган кезектеги маегинде акыркы кезде коомдо талкууланып жаткан актуалдуу маселелерге жооп берди.
Ага журналист : «Иниңиз Улан Жапаров коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелип кармалды. Жакында эле баш коргоо чарасы каралып, камакта калтырылды. Ушул боюнча кандай комментарий бере аласыз?,- деди.
«Азыр заман башка. Баарына бирдей мамиле. Коррупцияга аралаштыңбы мейли ким болбо камаласың. Мамлекетке канча чыгым келтирсең эки эселеп төлөйсүң, анан чыгасың. Төлөбөсөң жата бересиң. “Менин иним эле” деп камабай койсом башка инилерим да аралаша баштайт да. Кыргызда жакшы сөз бар: «Бирге жаза, миңге сабак» деген. Мына менин комментарийим»,- деди ал.
6-июлда Улан Жапаровдун кармалганы белгилүү болгон. Ал «Коррупция» беренесинин негизинде шектелип жатат. 32 жаштагы Улан Жапаров президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу. 20-июлда Бишкек шаардык сотунда анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча аппеляциялык арыз каралып, Биринчи Май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырылган.