Оппозициялык Бириккен демократиялык кыймыл «Кумтөрдөгү» алтын маселеси боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүгө бир нече оппозициялык саясатчыларды сунуштады.
«Кумтөр жана алтын маселелери маанилүү жана көйгөйлүү деп эсептейбиз, ошондуктан, биз оппозициялык кыймыл катары «Кумтөр» жана алтын маселесин байма-бай көтөрүп келебиз. Бүгүнкү күндө бул маселелер боюнча коомдо көптөгөн суроолор жаралууда», — дешет алар.
Президент Садыр Жапаровдун жана Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун оппозициядан конкреттүү сунуштарды күтөбүз деген билдирүүлөрүнөн кийин оппозициялык кыймыл өкмөткө иликтөө иштерин жүргүзүүгө төмөнкү оппозициялык саясатчыларды сунуштады:
1. Кеңешбек Дүйшөбаев;
2. Клара Сооронкулова;
3. Равшан Жээнбеков;
4. Рита Карасартова;
5. Айбек Теңизбаев.
Ошону менен бирге бул комиссияга көрүнүктүү жарандык коомдун жана ММК өкүлдөрүн кошууну талап кылышты. «Комиссиянын курамына кирип, ачык-айкын, документтерге толук жетишүүнүн негизинде иштеп, коомчулукка толук маалымат берүүгө жана Садыр Жапаровдун сунушу боюнча комиссияны жетектегенге даярбыз», — дешти алар.










