Бүгүн, 12-июнда Санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов ата-энеси Кыргыз жараны болгон Орусиянын жаранына биринчи жолу “Мекен-картаны” тапшырды.
1 / 2
-+
Маалымат үчүн:«Мекен-карт» автоматташтырылган маалымат тутуму 2013-жылдын 13-мартында өндүрүштүк пайдаланууга берилген. Аны алуу үчүн документтерди кабыл алуу Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү паспорттоштуруу бөлүмдөрүндө жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө, Калкты тейлөө борборлорунда жана Калкты каттоо департаментинин алдындагы аймактар аралык бөлүмдөрүндө жүргүзүлөт. Долбоор мурда Кыргыз жарандыгында турган чет өлкөлүк жарандарга, алардын балдарына жана неберелерине мекендеш статусун алууга жана өлкөнүн аймагында болуу үчүн бардык артыкчылыктардан пайдаланууга мүмкүндүк берет, бирок шайлоодо добуш берүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарат. Мекендеш статусун алган адам Кыргыз Республикасынын аймагына визасыз чыга/кире, транзит менен өтө алат жана жүрө алат; мамлекеттик жана муниципалдык органдардан тышкары иштей алат; саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндө Кыргыз Республикасынын жарандары менен катар акы төлөнүүчү кызматтарды ала алат
Климаттын өзгөрүшү — бүгүнкү күндүн эң олуттуу глобалдык көйгөйлөрүнүн бири. Анын кесепеттери дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө байкалууда. Казылып алынуучу отундарды колдонуу...
Президент Садыр Жапаровдун демилгеси жана колдоосу менен 2026-жылдын 1-апрелинен тартып билим берүү системасынын кызматкерлеринин эмгек акысы учурдагы деңгээлден 100 пайызга...
Бишкек-Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды. Учурда Арал постунан киргизилген оор жүк...
Бүгүн, 11-мартта таңкы саат 6:50дɵ Бишкек-Ош авто жолунун 224-чакырымында Ала-Бел ашуусунда кар кɵчкү түштү. Бардык авто унаалар үчүн каттам убактылуу...
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2026-жылдын Орозо айт майрамы 20-март күнүнө дал келерин маалымдайт. Бул чечим ТМУга мүчө-өлкөлөрүнүн муфтияттарынын алдындагы фатва...