Бишкек — Балыкчы поезд каттамы 6-июндан тарта жанданат. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолунан» билдиришти.
Алгач каттамдар жума, ишемби, жекшемби күндөрү аткарылып, 7-июлдан 31-августка чейин поезд күндө каттайт. Поезд “Бишкек-2” станциясынан саат 07:45те чыгып, саат 12:16да Балыкчынын көл жээгиндеги токтоо пунктуна жетет.
Билет баасы:
Жөнөкөй вагон: балдарга 73 сом, чоңдорго 150 сом
Люкс вагон: балдарга 250 сом, чоңдорго 500 сом.
VIP вагон: балдарга 400 сом, чоңдорго 800 сом
VIP-купе вагон: бир купе үчүн баасы 6000 сом. Купеде 6 киши жайгашса болот.












