Президент Садыр Жапаров Бишкек жана Ош калааларынын мэрлеринин кызмат ордуна шаардык кеңештердин фракциялары жана коалициялары талапкерлерди көрсөтүүсүн мындан ары токтотууну сунуштады. Бул тууралуу “КРдин жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө” мыйзам долбоорунда айтылат. Долбоор мамлекет башчынын сайтына жарыяланды. Биринчи окуу 22-июлга белгиленди.
Тактап айтканда, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерин шайлоо эрежелерин өзгөртүү сунушталууда:
- мэрлерди жергиликтүү кеңештин макулдугу менен министрлер кабинетинин төрагасы дайындайт;
- шаардык кеңештин макулдугун алуу үчүн бир киши сунушталып, беш күндүн ичинде анын талапкерлиги жактырылып же четке кагылышы керек;
- эгерде тиешелүү убакытта талапкер каралбаса, ал жактырылган болуп эсептелинип калат;
- эгерде көрсөтүлгөн мөөнөттө дайындоодон баш тартуу тууралуу билдирме келип түшсө, министрлер кабинетинин башчысы мэрди өз алдынча дайындай алат;
- мэрдин ыйгарым укуктары шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө же болбосо министрлер кабинетинин төрагасынын алмашуусуна байланыштуу эмес.
Белгилей кетсек, азыр Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери шаардык кеңештер тарабынан шайланат. Шаардык кеңештин фракциясы, фракциялардын коалициясы жана премьер-министр талапкерлерди көрсөтүүгө укуктуу.