Royal
SerepTV Logo

Бишкек ЖЭБде авария боюнча Энергетика министринин орун басары маалымат берди

Бишкек ЖЭБде авария боюнча Энергетика министринин орун басары маалымат берди
Бүгүн, 2-февралда саат 03:00дө Бишкек ЖЭБде авариялык абал катталды. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди. "Шаардык ЖЭБдин жабдыктары иштен чыкты. Учурда ыкчам штаб түзүлдү. Кесепетинен 3 кызматкер жабыркап, ооруканада дарыланып жатат. Бишкек шаарындагы жылуулук режимди кармап калуу максатында айрым бир коммерциялык мекемелерге жана мектептерге онлайн режими киргизилди. Электр энергия үзгүлтүксүз берилет. Кыска мөөнөттө калыбына келтиребиз", - деди ал. "Кырсык 14-от казанда катталды. Азыр маалымат так болуу үчүн комиссия иштеп жатат. Жылуулук бар. Айрым бөлүктөрдө гана өчүрүлдү", - деди министрдин орун басары.