Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы штаттык эмес кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү.
Белгиленгендей, абал туруктуу, жабдуулар штаттык режимде иштеп жатат. Учурда 9 казан агрегаты жана 4 турбогенератор иштеп жатат, суунун температурасы 60-65 градуска жакын.
Энергетика министрлигинин маалымат боюнча, Бишкекке Орусиядан адистер келип, алар ата мекендик энергетиктер менен биргеликте ЖЭБди реконструкциялоо, оңдоо иштерин, объектини узак мөөнөткө долбоорлоо мүмкүнчүлүгүн талкуулашууда. Министрлер кабинетинин башчысы оңдоо иштерин тездетүү жана күчөтүү зарылдыгын белгиледи.
«Мындай жагдайлардын кайталанышына жол берүүгө болбойт. Бакыт Төрөбаев башында турган мамлекеттик комиссия окуянын ыктымал себептерин иликтейт. Ошол эле учурда имараттардын ичинде, зарыл болгон учурда эскертүүчү жана көзөмөлдөөчү тиешелүү датчиктерди орнотуу зарылчылыгын карап көрүү керек».
Эртең, 13-июнда түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт....
Футболдо майыптыгы бар адамга жардам кылган милиция кызматери Ардак грамота менен сыйланды. 10-июнда Бишкек шаарында өткөн футбол беттешинде коомдук тартипти...
Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдолууда. Аны президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев көрүп чыкты. https://serep.kg/wp-content/uploads/2025/06/ak-ui.mp4
Кечээ, 11-июнда III Бишкек Эл аралык кинофестивалы салтанаттуу түрдө ачылды. Фестиваль алгач көк түстөгү “Асман жолу” килеминен өтүүдөн башталган. Дал...