Бишкек ЖЭБдеги авария. Жабыркаган 3 адам күйүк алды
Бишкек ЖЭБдеги авариядан 5 адам жабыркады. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов билдирди.
"Жабыркагандардын ичинен экөө өтө оор абалда. Бирөө орто оор абалда. Дагы экөөнүн абалы канаатандырарлык. Үчөө ооруканага жаткырылды. Экөө ооруканага жатуудан баш тартты. Үчөө 1,2,3-даражадагы күйүк алды. Экөөнүн бети жана моюну 85 пайызы күйдү. Үчүнчү 10 пайыз күйүк алды", - деди ал.