Royal
SerepTV Logo

Бишкек ЖЭБдеги авария. Шаардын кайсы бөлүгүндө жылуулук жок?

Бишкек ЖЭБдеги авария. Шаардын кайсы бөлүгүндө жылуулук жок?
Жылытуу системасын калыбында кармап калуу үчүн ысык сууга дээрлик бардык абоненттерге чектөө киргизилди. Бул тууралуу Бишкек жылуулук тармактарынын башчысынын орун басары Шаршенбек Сарыкеев маалымат жыйында билдирди. "Социалдык эмес керектөөчүлөргө жылытуу системасын өчүрүү жүргүзүлүп жатат. Бишкектин түштүк бөлүгүндө жылуулук жок. 12, 11, 6, 7, 8 кичи райондун бөлүгүндө, 3, 5, Улан кичи району, Көк Жар кичи райондордунда жылуулук жок. Ал эми ысык суу бардык аймакта токтотулду", - деди ал.