Бишкек мэри Айбек Жунушалиев Айтматов проспектисиндеги объектилердин буздурулушу боюнча комментарий берди.
Калаа башчысы үй ээлери менен үч айдан бери сүйлөшүүлөр жүрүп келгенин, маселе шаардык кеңеш менен Жогорку Кеңеште дагы талкууланганын белгиледи. “Ошондон кийин гана демонтажга өттүк. Биз соттошуп бүткөнчө жолду жаап коё албайбыз. 26 адамга эмес, бүткүл шаардыктар үчүн шарт түзүшүбүз керек”, — деди ал журналисттерге.
Ал ошондой эле кенемте жана башка маселелер боюнча кат түрүндө кайрылуулар болсо сүйлөшүүгө даяр экенин кошумчалады. “Бирок ишти токтотпойбуз”, — деди мэр.












