Бишкек мэриясы борбор калаа менен Ош шаарларындагы жол тыгынын жоюунун жолун дагы бир ирет сунуштады. Учурда бул эски-жаңы демилге соцтармакта нааразы пикирлерди жаратууда.
Анда мамлекеттик номердеги акыркы сандарына карата бөлүп, кезек-кезеги менен айрым күндөрү гана жүрө турган мыйзам долбоору иштелип, коомдук талкууга чыкканын «Спутник» жазды.
▪️ Автоунаанын номери 1 жана 2 саны менен аяктаса, анда аларга дүйшөмбү күндөрү жүрүүгө болбойт
▪️ 3 жана 4 менен аяктагандар — шейшембиде
▪️ 5 жана 6 — шаршембиде
▪️ 7 жана 8 — бейшембиде
▪️ 9 жана 0 — жума күндөрү жүрүүгө болбойт
Графикти бузган жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом айып салынат.
Мындай чектөө саат 07:00дөн 21:00гө чейин киргизилет.