Бишкек мэриясы чек ара жаңжалында каза болгон чек арачынын үй-бүлөсүнө үй бербей турган болду

Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары прапорщик Бекзод Юлдашевдин үй-бүлөсүнө батир берүү боюнча токтомду жокко чыгарды. Ал 2021-жылдын апрель айында кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда көз жумган. 31 жашта болчу.

Вице-мэр Азат Узаков 28-сентябрда Бишкек шаардык кеңеш батир берүү боюнча чечим кабыл алганын билдирди. Бирок 2-октябрда УКМКга Бекзод Юлдашевдин жубайы президент Садыр Жапаров батир бөлүп бергенин билдирген кат келип түшкөн. Депутат Максат Алымбеков катты кароого мүмкүнчүлүк берүүнү суранды.

Бишкек шаардык кеңеши 28-сентябрда борбор калаадагы муниципалдык батирди прапорщик маркум Бекзодбек Юлдашевдин жубайы Гүлхая Кодированын менчигине бекер берүү боюнча токтом кабыл алган.