Бишкек мэриясы: "Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткан"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов тарабынан муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.
"Мэрдин орун басары Нурдан Орунтаевдин катышуусунда муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүлүп, экс-депутат Замирбек Парманкулов тарабынан муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.
Бүгүнкү күндө Рабочая көчөсү 11б дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттарды бошотуу иштери жүрүп жатат. 6-апрелдеги келишимге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү 0,517 гектар муниципалдык жер тилкеси, андагы муниципалдык бала бакча комплекси, мамлекеттик мүлк Бишкек мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде 1,516 гектар түзгөн иш жүзүндөгү имараттары менен алмашуу жүргүзүлгөн", - дешти.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="204373,204374,204375,204376"]