18-декабрдан баштап Бишкек-Москва жүргүнчүлөрдү ташуу поезд каттамы жанданат. Каттам Москва шаарынын Павелецкий вокзалына келет. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» ишканасынан маалымдашты.
Каттоо (келүү — кетүү) күндөрү:
Бишкектен шаршемби жана ишемби күндөрү чыгып, ишемби жана шейшемби күндөрү Москвага келет. Москвадан жекшемби жана шаршемби күндөрү каттайт.
Билет баалары:
Жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддерге билеттердин баасы «Кыргыз темир жолу» УК» МИнин кассаларында, поезд жөнөгөнгө чейин билеттерди сатуу мөөнөтүнө, жүргүнчүнүн жашына, вагондордун категориясына, каттоо түрүнө жана акча алмаштыруу курсуна байланыштуу болот:
Бишкек-Москва каттамы:
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 11 000 сомдон баштап;
• 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 5 200 сомдон баштап;
• 5 жашка чейинки балдарга бекер.
Бишкек-Казань каттамы:
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 10 000 сомдон баштап;
• 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 4 700 сомдон баштап;
• 5 жашка чейинки балдарга бекер.
Бишкек-Новосибирск каттамы:
• 10 жаштан жогорку жүргүнчүлөргө 8 000 сомдон баштап;
• 5 жаштан 10 жашка чейинки балдарга 4 100 сомдон баштап;
• 5 жашка чейинки балдарга бекер.