Бишкек-Ош жолунда түшкөн кар көчкү тазаланды

Бүгүн, 7-мартта Бишкек-Ош жолунда түшкөн кар көчкү тазаланып, саат 13:30га карата каттам ачылды. Учурда унаалардын каттамы адаттагыдай өтүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Буга чейин саат 11:30дар чамасында Чүй облусунун Жайыл районунда Бишкек-Ош унаа жолунун болжол менен 120-121-чакырымында (Абла тилкеси) 450 метр куб кар көчкү түшүп, жол жабылган болчу. Маалымат боюнча, жабыркагандар жок.

Бүгүн, 7-мартта саат 10:15тер чамасында Бишкек-Ош автоунаа жолунун 224-чакырымында да болжол менен 10 миң 443 метр куб кар көчкү түшүп, саат 10:43тө аталган унаа жолдун 271-чакырымындагы Арал постунда жол жүрүүгө убактылуу чектөө киргизилген. Ал жерге №23 Жол тейлөө ишканасынын техникалары жана Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн ыкчам тобу тартылган. Саат 13:16дан тарта жеңил унаалар үчүн жол каттамы ачылды. Ал эми оор жүк ташуучу унааларга коюлган чектөө күчүндө калды.