Бишкек — Ош жолундагы аң-чөнөктөр толтуруп жатат. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен билдиришти.
Бүгүнкү күндө №9 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери тарабынан Бишкек-Ош унаа жолунун 118-130-чакырымдар аралыгындагы аң-чөнөктөр жамалууда.
«Азыркы тапта жолчулар тарабынан 2312 м2 аң-чөнөктөрдү толтуруу иштери аткарылды. Алдыда жумуштар планга ылайык уланат»,- деп айтылат маалыматта.