Шаар ичинде иштеп баштаган автобустарда жол акы 10 сом. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары автобустун ичиндеги жарыяны тартып алышкан. Анда №71 автобустун ичинде “Жол кире 10 сом” деген жазууну көрүүгө болот.
22-июнда 50 жаңы автобус шаар ичинде каттамга ишке кирген жана алар бир жума бою элди акысыз ташый тургандыгы айтылган.