Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун адистери жана “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканасынын медициналык кызматкерлери “Бишкек троллейбус башкармалыгынын” аймагын толугу менен дезинфекциялады. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бардык кеңселер, коридорлор, башкаруу бөлмөлөрү жана троллейбус салондору атайын аралашма менен тазаланды. «Мындай каражат баарын дезинфекциялайт жана бактериялардын бардык түрлөрүнө каршы колдонулат», — деп айтылат маалыматта. Иш-чара аталган кызматтын кызматкерлери менен айдоочуларынын арасында коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алууга багытталган. Акыркы күндөрү күчөтүлгөн режимге байланыштуу троллейбустарда жүргүнчүлөрдүн саны кескин көбөйдү.
Бишкек троллейбустарынын иши тууралу 0500933191 номерине байланышсаңыздар болот.