Бишкекке жаңы мончо курулат

Бишкек шаарынын мэриясы Бишкекте жаңы мончо курууну пландоодо. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.

Жаңы мончо Жибек жолу менен Шопоков көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан мурунку №2 мончонун ордуна курулмакчы. Мончонун эски имаратын бузуп, ордуна жаңы курууга акча шаардык бюджеттен бөлүнөт.