Бүгүн, 8-июль күнү Свердлов райондук соту 16 жаштагы кызды мыкаачылык менен зордуктаган шектүүлөрдү сот залынан бошотулганы айтылган.
Свердлов райондук сотунан алар кайрадан камакка алынганын билдиришти. «Мурдагы үй камагына чыгаруу бөгөт чарасы, камакка алуу түрүнө алмаштырылды. Шектүүлөр 6-сентябрга чейин камакта болушат»,- деп айтылат маалыматта.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине «Аялдардын жана балдардын укуктары үчүн» кыймылынын негиздөөчүсү Назгүл Турдубекова окуя тууралуу төмөнкүлөрдү айтып берген.
«Былтыр көчөдө бараткан жеринен 16 жаштагы кызды эки жаран күч колдонуп, өзгөчө мыкаачылык менен зордукташкан. Кыз өлүм менен өмүрдүн ортосунда алышып араң аман калган. Соттун чечимин күтүп, аларга ишенип отурсак, мына бүгүн аларды эч жакка чыгып кетпөө тил катынын негизинде залдан бошотуп жиберишти. Бул эмне деген наадандык? Бизде сот ушундай чечим чыгарып жатса, кимге ишенип, кимге кайрылышыбыз керек? Бизде кордолгон адамдар көп. Мына бүгүн саат 15:00дө Свердлов райондук соту 13 жашар кыздын ишин карайт. Ал жакка да митингге чыгабыз», — деген Турдубекова.