Бишкекте 17 жаштагы Адинай Асаналиева 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат

Бишкекте 17 жаштагы Адинай Асаналиева 2 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыздын жакындары билдиришти.

Алардын айтымында, Адинай Асаналиева 16-майда Арча-Бешик конушундагы үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. Ошол бойдон телефону өчүк болуп жатканын айтышты.

Жашыл футболка, жынсы шым, бутуна ак бут кийим кийип жүргөн. Эгерде сүрөттөгү кызды көргөндөр болсо, +996 505 975 795, +996550888079 номурларына кайрылсаңыздар болот.