Бишкекте 22 жаштагы келин таксиде көз жарды

Бишкекте келин таксиде көз жарды. Бул тууралуу «Врач На Скорой» жазып, сүрөт менен бөлүштү. 

«Жеринде чакыруу боюнча барган Тез жардам кызматынын 04 мобилдик реанимация тобу иштешти»,- деп айтылат маалыматта. 

Журналисттерге Тез жардам кызматы маалымат берип, окуя кечээ, 15-августта болжол менен саат 10:16 чамасында болгонун билдиришти. «22 жаштагы келиндин экинчи төрөтү экен. Кош бойлуулугу кыйынчылыксыз өттү. Келин каттоого алынып, үзгүлтүксүз текшерүүдөн өтүп турган»,- дешкен.