Бишкекте дайынсыз болуп изделип жаткан 12 жаштагы Валерия Цой маалымат каражаттарына жарыялангандан кийин табылды. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти.
Алардын айтымында, кыз шаардын четиндеги отургучта уктап калган. «Мээримдүү адамдар ЖМКлардагы басылмаларды көрүп, кызды таанып, дароо атасына телефон чалышты. Адамдык мамилеңиздер үчүн рахмат. Чындыгында баланы сиздер сактап калдыңызар», — дешти алар.
Буга чейин Бишкекте 12 жаштагы Валерия Цой изделип жатканы маалым болгон.










