Борбор калаада 6-7-март күндөрү азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарманке Бишкектин үч жеринде: 12-кичи райондо — А. Токомбаев – Н. Жетикашкаева көчөлөрүнүн кесилишинде; И. Раззаков көчөсүнүн Киев – Токтогул көчөлөрү бөлүгүндө; Т. Айтматов – Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.
Анда уй эти – 390-405 сомдон, жылкы эти – 380-390 сомдон, кой эти – 400-405 сомдон, тоок эти – 200-210 сомдон, өсүмдүк майы – 120-125 сомдон, жумуртка – 90-95 сомдон, үй жумурткасы – 90-100 сомдон, кумшекер – 55-57 сомдон, күрүч – 55-60 сомдон, алма — 30-50 сомдон, сабиз – 12-15 сомдон, картошка – 22-25 сомдон, пияз – 15-16 сомдон сатыкка коюлат.