Бишкекте 65 жаштагы Бейшегүл Мамеркулова изделип жатат

Бишкекте милиция Мамеркулова Бейшегүл Турсунбаевнаны издеп жатат. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.

5-августта милицияга аял киши кайрылып, эжеси 1957-жылы туулган Бейшегүл Мамеркулова 3-августта Чүй менен Жаш гвардия бульварынын кесилишиндеги үйүнөн чыккан бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Учурда аялдын жүргөн жери белгисиз болуп жатат.

Белгилери: бою 152-155 см, орто дене түзүлүштө, чачын ак баскан. Көзү күрөң.

Кийген кийими: жашыл түстөгү көйнөк, бутунда кара сандалии.

Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (553) 102-880, 0 (773) 909-465, 0 (551) 088-330, 0 (701) 644-403, 0 (755) 579-580  номурларына чалсаңыздар болот.