Бишкекте 7 жаштагы баланын жансыз денеси муздун астынан табылды

Бишкектеги Октябрь районундагы Каралаев көчөсүндөгү каналдагы муздун алдына 2016-жылы туулган бала түшүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти. 

Жерине 11 куткаруучу, ыкчам топ тартылып, баланын сөөгүн муздун алдынан алып чыгышып, Тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.