Бишкекте 7-класстын окуучусу каза болду. Бул тууралуу Ленин РИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, Бишкектеги №31 мектептин 7-классынын эки окуучусу уруша кеткен. 2011-жылы туулган окуучу бала 2010-жылы туулган кыздын денесине залал келтирген. Кыз ошол жерде эсин жоготкон.
Жерине Тез жардам чакырылып, бирок дарыгерлер кыздын өлүмүн катташкан. Аталган факты боюнча Ленин РИИБде кылмыш иши козголуп, окуянын бардык кырдаалдары аныкталып, юридикалык баа берилет.