Бүгүн, 20-октябрь күнү Бишкек шаарынын Борбордук мечитинде ордо калаадагы жалпы имамдарга чукул жыйын өткөрүлдү. Жыйынга Шакир Маматов баштаган казыят жамааты, баш имам-хатибдер, укук коргоо кызматкерлери жана борбордогу жалпы 74 мечиттин имамы катышты. Бул тууралу муфтияттан маалымдашты.
Жыйын башында Палестинада курман болгон мусулмандарга Куран окулуп дуба кылынды. Андан соң бир катар орчундуу маселелер каралып, тапшырмалар берилди. Алсак:
— Экстремизм жана терроризмден алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жана иш-чаралар;
— Палестинада болуп жаткан окуялар жана курман болгондорго дуба кылуу;
— Мекемелер аралык иш тобунун мечиттерди текшерүүлөрүнө даяр болуу.
«Палестинадагы болуп жаткан окуяларды баарыбыз көрүп жатабыз. Курман болгондорду көрүп, кабыргабыз кайышып турган учуру. «Мусулмандын куралы — дуба» дегендей, учурда биздин эң жакшы жардамыбыз дуба кылуу. Бирок дуба кылууда коомдук жайда элди топтоо, бакырып-өкүрүү эмес, а балким тынчтыкка үндөө жана саясатташтыруудан оолак болуу. Ушул боюнча жума баяндарында түшүндүрүү иштерин жүргүзөлү. Себеби мындай окуялардан пайдаланып, айрым экстремисттик-саясий уюмдар туура эмес пикирлерди, чакырууларды жайылтып ийиши ыктымал», — деди Шакир Маматов.
18-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы жол-транспорт кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери учак менен Бишкек шаарына жеткирилди. Бейтап Улуттук госпиталдын №2 реанимация...
Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине бир жолку материалдык жардам берүү тууралуу тескемеге кол койду. Документке ылайык, Улуу...
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...
Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу 15-апрелден 19-апрелге чейин жаан-чачын күтүлүп, абанын температурасы жогорулайт. Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу...
Президент Садыр Жапаровдун Ош облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Өлкө башчысы Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев менен биргеликте...