Алты муниципалдык бала бакчада коронавирустук инфекция жуккан учурлар аныкталды, алар карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Дагы он тогуз бала бакча оңдоп-түзөөгө жабылды, алар жаңы окуу жылына даярдалууда. Калган мектепке чейинки билим берүү уюмдары кадимки режимде иштешет. Бирок ал имараттарды да жаңы окуу жылына даярдоо үчүн кезеги менен жабылат»,- деп айтылат маалыматта.