Бишкектин Абдырахманов көчөсүндө баланы тиштеп, коё бербей ары-бери сүйрөгөн ит да, анын ээси да табыла элек. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
1-апрель күнү Бишкектин Абдырахманов көчөсүндө ири породадагы ит өспүрүм баланы тиштеп ары-бери сүйрөгөн. Окуя болгон жердеги видео интернет айдыңына тарап, кызуу талкууга алынган эле.
Жабырлануучу бала кутурмага каршы эмдөө алып, №3 балдар ооруканасында дарыланган. Сереп Медиа маалымат агенттиги баланын абалы тууралуу видео материал даярдаган эле. Жабырлануучу Айдин Акималиев өзүнүн абалы тууралуу айтып берген.