Бишкекте бир эле учурда 18 түгөй баш кошту. Үлпөт той борбор калаадагы эң ири мечитте жубайлардын никесин кыюу менен башталып, ресторандардын биринде оюн-зоок программасы менен коштолду. Жаңыдан түптөлүп жаткан үй-бүлөлөргө кийим дүкөндөрү, борбордогу супер-маркеттерден азык-түлүк үчүн сертификаттар, тиричилик техникалары белекке берилди.
Өлкөдөгү эпидемиялык кырдаалга байланыштуу киши саны чектелгендиктен, түгөйлөрдүн жакындары, коноктор ресторанга келе алган жок. Үйлөнүп жаткан жуптардын айтымында, түгөйлөрдүн ар бири өзүлөрүн бул аземдин башкы каарманы сезип турушту. “Эң негизгиси кооз үлпөт той өткөрүү үчүн акча коротпой, үнөмдүү, сарамжалдуу болду”, — дешет түгөйлөр Азамат жана Ырысгүл.
Уюштуруучулардын айтымында 18 түгөйдү чогултуп, аземди өткөрүүгө 1,5 ай убакыт кеткен. Белгилей кетсек, мындай үнөмдүү той Кыргызстанда 2 ирет өтүп жатат. Буга чейин 2012-жылы 30дан ашык үй-бүлө ушундай ыкма менен баш кошкон.
Маекти бул шилтеме аркылуу кирип көрө аласыз.