Бишкекте бирөө-жарым калбаган көрүнөт… «Асмандын» курулушунун стартына кимдер барды?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көл облусундагы «Асман» шаарынын курулушуна салтанаттуу түрдө старт берди.

Иш-чара «Асман» шаарынын курулуш долбоору тууралуу видеороликти көрсөтүү менен башталды. Андан соң аталган долбоорду ишке ашырууга катышкан инвесторлор презентациялары менен чыгып сүйлөштү. Алар жаңы шаарда курула турган объектилер тууралуу кеңири айтып берип, курулушка дүйнөдөгү эң мыкты жана алдыңкы адистер тартыларын белгилешти. Чет элдик инвесторлор — Түркия, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Катардан келген ири компаниялардын өкүлдөрү.

500-700 миң тургунга эсептелген шаар 7-10 жылдын ичинде Арабиядагы Неом, Эмираттардагы Маздар-Сити, Швециядагы Вестерн Харбор, Кытайдагы Күнөстүү өрөөн сыяктуу ийгиликтүү долбоорлорго окшош болуп курулат.

Иш-чара майрамдык концерт менен уланды.