Бишкекте депутат Динара Ашимованын демилгеси менен «Алай шырдамалы» фестивалы болуп өттү (сүрөт, видео)

Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарында “Алай шырдамалы” фестивалы болуп өттү. Иш-чара Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Климаттын өзгөрүүсүнүн шарттарында туруктуу өнүктүрүү боюнча кеңештин төрагасынын орун басары, депутат Динара Ашимованын демилгеси менен уюштурулду.

Фестиваль айыл жергесинде уз аялдар алектенген салттуу кол өнөрчүлүктү көрсөтүү аянтчасына айланды. “Алай ишкер коому” ассоциациясынын уз аялдары өздөрү сүйүп чеберчилик менен жасаган өзгөчө кийиз шырдактарды борборго Ош облусунун Алай районунан алып келишти.

Фестивалдын уюштуруучулары иш-чаранын бир нече негизги максаттарын белгилешти. Биринчиден, бул буюмдарды өндүрүү процесси экологиялык жактан таза жана жашыл экономиканын стандарттарына жооп берүүгө салым кошо аларын көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк. Уз аялдар өздөрүнүн кол өнөрчүлүгү менен табигый килемдерди жасоонун ордуна, абаны булгап, өрттөөгө аргасыз болгон жүндү кайра иштетүү көйгөйүнө көңүл бурушат.

Чебер кыз-келиндер айлана-чөйрөгө, жаратылышка зыяны жок чийки затты кайра иштетүү технологиясын өз кыздарына өткөрүп берип, муундан-муунга уланышын сактап калышат. Мындан тышкары, фестиваль “Алай шырдамалы” брендин кайра жандандыруу жана илгерилетүү үчүн мараага жол ачуучу жай болуп саналат жана уз аялдарга өз буюмдарын сатуу, альтернативдик киреше булагын өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн берет.