Бишкекте ит кол салган баланын абалы тууралуу Бишкек шаарындагы Тез жардам балдар клиникалык ооруканасынынан айтып беришти.
Буга чейин интернетте чоң ит окуучу бала менен аялга кол салып, аларды тиштеген видео тараган. Көчөдө өтүп бара жаткандар баланы иттен араң куткарып калышкан. Милициянын маалыматы боюнча, окуя 1-апрель күнү болжол менен саат 19:00дө Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
«Баланын абалы канааттандырарлык. Ит бутунун ылдый жагын бир нече жеринен тиштеп алган. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат», — деди дарыгер.
Факты боюнча Жоруктар кодексинин 119-беренеси (майда бейбаштык) менен иш козголду. Баланын жаракаты канчалык экени соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгынан кийин белгилүү болот. Милиция учурда иттин ээсин издөөдө.