Бишкекте жашы жете элек кызга «бир нерсе көрсөтөм» деген жаран суралды

9-сентябрда Октябрь РИИБге жаран арыз менен кайрылып, ошол эле күнү саат 18:00 чамасында Ахунбаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде анын жашы жете элек кызына бир нерсе көрсөтөм деген адамга чара көрүүнү суранган.

Аталган факты Октябрь РИИБге катталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери жүрө баштаган. Жарандын аты-жөнү такталып, 1977-жылы туулган жаран экени аныкталган. Ал суралып, кое берилген. Тергөө уланууда.