17-ноябрга караган түнү Чүй проспектиси менен 7-апрель көчөсүнүн кесилишинде жер алдындагы суу түтүгү жарылып кеткен. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирип, видео менен бөлүштү.
Алардын айтымында, окуянын кесепетинен BMW үлгүсүндөгү унаа зыянга учурап, «фонтан» бир нече кабат бийиктикке жетип, жолдо чуңкур пайда болгон.
«Бишкекжылуулук» ишканасынын кызматкерлери ыкчам түрдө жерине барып, иш жүргүзгөнүн билдиришти.