Бишкекте жол кырсыгы көбөйгөнүнө байланыштуу чет элдик студенттердин курьерлик иши токтотулду

Бишкек шаарынын аймагында учурда мотоциклдерди транспорт катары колдонгон чет элдик студенттердин катышуусундагы жол кырсыктары көбөйүп жатканына байланыштуу милиция тарабынан алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, чет элдик студенттер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден билдиришти.

Чет мамлекеттен келип, Бишкек шаарынын аймагында жашап-окуган студенттердин коопсуздугун сактоо максатында Бишкек ШИИБ тарабынан жогорку окуу жайларында, чет элдик студенттерине алдын алуу лекция өткөзүлдү.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо боюнча сушунтар берилип, студенттерди иштен бошотуу боюнча сунушталып, натыйжада 100 ашык чет элдик студенттердин иштери токтотулган. Бишкек ШИИБ тарабынан мыйзамсыз миграция каналдарын аныктоо жана бөгөт коюу максатында мыйзамсыз миграцияны уюштуруунун 41 кылмыш иштери боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам чаралары көрүлгөндөн кийин, андан ары талдоого кылмыш иштери сотко жиберилген.