Кечээ, 15-ноябрда Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынын атайын ротасынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда Туңгуч кичи районунда 5 жаштагы кыз адашып, үйүн таппай жүргөндүгүн көрүшкөн.
Атайын ротанын кызматкерлери кызды кызматтык унаага салып, шаарды кыдырып, ата-энесин таап, жеткирип беришкен.
Кыздын атасы кызы бала бакчадан чыккан бойдон дайыны жок болуп, издеп жаткандыгын айтып, ыраазычылыгын билдирген.
Посмотреть эту публикацию в Instagram