Бишкек шаарында жоогазындар ачылды. Буга чейин мэрия быйылкы жылы жазында 1 жарым миллиондой гүл отургузуларын маалымдаган эле. Анын ичинен 130 миң түбү — бул жоогазындар.
Өткөн жылы бул мезгилде бишкектиктер жана шаардын коноктору жоогазындардын гүлдөгөнүн Өзгөчө абал режими киргизилгенине байланыштуу күбө боло алышкан эмес. «Жашылдандыруу» ишканасы гүлдөрдү уурдоого аракет кылгандарды байкап калган жарандардан 102ге чалып коюуну өтүнөт.
Жоогазын алгач Түркиядан алынып барылганына карабай, ушул күнгө чейин үлбүрөгөн чөйчөктөй кооз гүлдүн мекени Голландия аталып келет. Түрктөр убагында бул гүлгө маани бербегендиктен жоогазын гүлүнүн мекени аталуудан кол жууп калышкан. Ошентсе да жоогазындын «тюльпан» деген аталыш менен дүйнөгө таанылуусуна түрктөр себепкер. «Тюльпан» сөзү түрктөрдүн кездемеден чалып оролгон «түрбан» аттуу баш кийиминен келип чыккан. Түрбандын да формасы жоогазындын ачыла элек желекчелерине окшоп, биринин үстүнө бири катталып турат. Учурда жоогазындын дүйнө жүзү боюнча 1800дөй түрү бар.
Сүрөттөр Султан Досалиевдики.









