Бишкекте мамлекеттик ишмер, Кыргыз АССР Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү.
Мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чарага шаар тургундары, мэр Айбек Жунушалиев, Жусуп Абдрахманов коомдук фонддун директору Мирбек Үсебаев катышты.
Катышуучулар курман болгондорду эскерип, саясатчынын бюстуна гүл коюшту.