Бишкекте Жусуп Абдрахмановдун 121 жылдыгына карата таймаш болуп өттү (сүрөт)

Жаштар саясатын өнүктүрүү, улуттун улуу маданий, руханий дөөлөттөрүн байытуу максатында “Ысык-Көл жаштар клубу” коомдук бирикмеси Жусуп Абдрахмановдун 121 жылдыгына карата “Кыргызстан кечээ, бүгүн жана эртең” аттуу интеллектуалдык таймаш өткөрдү. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган бирикмеден билдиришти.

Иш-чарага Бишкек шаарындагы жогорку окуу жайлардын студенттери жана Каракол шаарынын окуучулары катышкан.

Жалпысынан 14 команда катышып, анын ичинен 4 команда байгелүү орундарга ээ болушту.

Алар:
1-орун “Идеал” командасы
2-орун “My name is Chiki” командасы
3-орун “Элдин балдары” жана “Асман 303” командалары.