Бишкекте кайрадан кассалык аппаратка каршы митинг өтүп жатат.
Өкмөт үйүнүн алдына чогулган ишкерлер бийликтен кассалык аппараттарды милдеттүү орнотууну жокко чыгарууну талап кылышууда.
Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери да жүрүшөт. Алардын бири жакында митингчилер менен Министрлер кабинетинин өкүлдөрү жолугуп, алардын суроо-талаптарын угарын билдирди. Митингчилер өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келишкен.












