Бишкекте кара жыгачтын түбү эмне үчүн жабышчаак болуп жатат? Экологдордун жообу

Бишкекте кара жыгачтын түбү эмне үчүн жабышчаак болуп жатат? Буга Табигый мурасты сактоо боюнча «Арча демилгеси» коомдук фондунан маалымдашты.

«Учурдагы мезгил аралыгында мите жана ак чымын сыяктуу зыянкечтердин саны өсүүдө. Бирок мындай аба ырайы энтомофагдар (зыянкечтерди жеген курт-кумурска жана канаттуулар) үчүн жакшы эмес. Ошондон улам да зыянкечтер активдүү көбөйүшөт. Кара жыгачтан таамп жаткан чайыр — бул зыянкечтер бөлүп чыгарган секреция. Мындай көрүнүш биринчи жаанга чейин уланат, жамгыр жаагандан кийин зыянкечтердин саны азаят. Суук түшөрү менен зыянкечтердин көбү өлөт», — деп жазылат маалыматта.