Бишкектеги жол тыгындан улам келин төрөтканага жетпей көз жарды. Маалыматка караганда, окуя бүгүн, 26-сентябрда болгон. Келин Кайгуул милициянын унаасында көз жарган.
Кайненеси төрөт үйүнө баратып жолдогу тыгында туруп калышканын, келинин төрөт үйүнө милиция кызматкерлери алып жөнөшкөнүн билдирип, аларга ыраазычылык айтты.






