Бишкекте кордолгон 13 жаштагы кыздын окуясына Байсаловдун реакциясы талкуу жаратты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун колдон колго өтүп зордукталган 13 жаштагы кыз тууралуу маалыматка жооп берген соцтармактагы билдирүүсү талкуу жаратты.

Ал бул окуяга «улам жазып, ооруну козгоонун эмне кереги бар?» деген өңүттө пост калтырган. Соцтармак колдонуучулары жооптуу жетекчинин мындай жазганы акылга сыйбаган көрүнүш экенин белгилеп, бийлик кордолгон кыздын окуясына акыйкат баа бериши керектигин жазышууда.

Ал эми Байсалов коомчулуктун сынына жооп бере элек. Ал арада Нурбек Насыранбеков аттуу жаран иллюстрациялык сүрөт да жарыялады.