Бишкекте кызды ала качуудан алып калган видео тараган. Милиция социалдык эксперимент экенин айтты

Кечээ, 12-мартта социалдык тармактарда кызды ала качып жатканда жардамга келген балдар аны алып калышкан видео тараган. Видео тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май РИИБден маалымат беришип, бул социалдык ролик экенин айтышты.

«Буга чейин жаран кыз ала качуу боюнча Биринчи Май районунун аймагында социалдык эксперимент жүргүзүлүп жаткандыгы тууралуу билдирүү менен милицияга кайрылган», — дешти.