18-январдан тартып Бишкек шаарында 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары мектепке барып билим алууну улантышат. Балдар эки сменада сабакка барып, парталарга шахматтык тартипте отургузулат. Мындай режим 1-февралга дейре созулат, эгерде көрсөткүчтөр туруктуу сакталса, анда калган класстын окуучулары да мектепке кайтышат. 12-январдан 18-январга чейин мугалимдер медициналык кароодон өтүшөт жана мектептерде дезинфекция жүрөт. Ошондой эле бала бакчалар да 20-январдан тартып ачылат. Бул тууралуу маалыматты мэриядан билдиришти. Борбор калаадагы мектептер жана бала бакчалардын басымдуу бөлүгү өткөн жылдын март айынан бери жабылуу бойдон турат.
Баткендин тургуну кулпунай өстүрүп, 1 килограммын 2 миң сомдон сатат
Баткен облусунун Миң-Чынар айылынын тургуну, 31 жаштагы дыйкан Кубаныч Барат уулу акыркы төрт жылдан бери кулпунай өстүрүү менен алектенип, туруктуу...










