Пакистандык студенттин поезддин алдында калып, көз жумушу. Мекендештери муну адам өлтүрүү дешүүдө

11-декабрда Бишкекте пакистандык жаранды поезд сүзүп кетип каза болду. Окуя саат 14:30да Лев Толстой көчөсү менен Чыңгыз Айтматов проспектисинин кесилишинде болгон. Окуянын чоо-жайы белгисиз. Ал Кыргызстан эл аралык университетинин медицина бөлүмүндө окучу.

Бишкекте окуган пакистандык жарандардын айтымында, бул кокустук же суицид эмес. Кыргызстандагы пакистандык коомчулуктун өкүлдөрү бул атайылап киши өлтүрүү болгон деп эсептешет. Алардын айтымында, окуя Кыргызстан эл аралык университетинин жанында болгон. Социалдык тармактарда алар ошол күнү белгисиз жергиликтүү адамдар тобу Рамзанды тоноп, андан соң сабап, поезддин астына таштап кетишкенин айтышкан. Өз кезегинде Пакистандын Кыргызстандагы элчилиги Министрлер кабинетин бул окуяны тез арада иликтеп, жарандын өлүмүнүн себебин айтууга чакырган. 

Ал эми бүгүн, 14-декабрда студентти поезд сүзүп кеткендеги учур видеого түшүп калганы маалым болду.